• 87.45
  • 90.6
  • 0.86

Кыргызстандын тасмалары Түркиядагы эл аралык кино фестивалда көрсөтүлөт

Маданият 0

Бишкек, 08.11.17. /Тумара Туратбекова – Кабар/. Кыргызстандан эки тасма түркиянын Малатья шаарында өтө турчу эл аралык сынакка катышат.

Киноматография өнүктүрүү фондунан кабарлашкандай, иш-чара 9нан 16-ноябрь күндөрү өтүп, жетинчи ирээт болуп жатат.

Кыргызстандын атынан Актан Арым Кубаттын – “Кентавр” жана Зирегүл Кубандык кызынын “Түнкү конок” картиналары катышат.

Эл аралык сынакта калыстар тобунун арасында кино таануучу Гүлбара Төлөмүшова болот.

Malatya International Film Festival- бул толук жана кыска метраждуу тасмалар көрсөтүлөт турган эл аралык сынак.

Пикир

Оставить комментарий