• 84.2
  • 93.8
  • 0.91

Кыргызстандын ТИМ башчысы БУУнун Коопсуздук кеңешинин жыйынында сөз сүйлөдү

Саясат 0

Бишкек, 27.09.24. /Кабар/.Нью-Йорк шаарында Кыргызстандын тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев БУУнун Коопсуздук кеңешинин эл аралык тынчтыкты жана коопсуздукту сактоо маселеси боюнча ачык жыйынында сөз сүйлөдү.

ТИМден билдиришкендей, Жээнбек Кулубаев Жакынкы Чыгышта, Африкада жана Чыгыш Европада болуп жаткан коопсуздук кризистери бейкүнөө адамдардын өмүрүн алып, гуманитардык кризистерди жана кыйроолорду жаратып жатканын белгиледи. Буга байланыштуу Кыргызстан эл аралык чыңалууну тезинен жоюуну жактай тургандыгын баса белгилеп, өлкөбүздүн көз карашы менен бөлүштү.

Ошондой эле Жээнбек Кулубаев бардык мамлекеттер эл аралык укуктун жана БУУнун уставынын принциптерин жана жоболорун кынтыксыз жана бир мааниде аткарууга тийиш экендигин баса белгиледи.

Ал Кыргызстан Коопсуздук кеңештин сапаттык жана сандык реформасын жактай турганын белгиледи, анда анын иш ыкмаларын жакшыртуу жана анын мүчөлүк курамын тең салмактуу аймактык өкүлчүлүктү эске алуу менен кеңейтүү каралган. ТИМ башчысы бул контекстте, биринчи кезекте, бул адилетсиздикти жоюп, Африкадан мүчө өлкөлөрдүн санын көбөйтүү маселесин чечүү керектигин кошумчалады.

Жээнбек Кулубаев Коопсуздук кеңештин мүчөлөрүнө тынчтыкты сүйгөн өлкөбүз 2027-2028-жылдарга БУУнун Коопсуздук кеңешинин туруктуу эмес мүчөлүгүнө талапкер болуп саналарын маалымдады. Ошол эле учурда ал Кыргызстан коопсуздук кеңешке шайлана элек 60 мамлекеттин тизмесинде экенин билдирди. Буга байланыштуу бул тарыхый адилетсиздикти жоюп, жогоруда аталган өлкөлөргө Коопсуздук кеңеште иштөөгө бирдей мүмкүнчүлүк берүүнү сунуштады.

Сөзүнүн аягында Жээнбек Кулубаев белгилегендей, Кыргызстан глобалдык чакырыктарды жана коркунучтарды чечүүдө Коопсуздук кеңешинин аракеттерине дайыма кызыкдар жана көмөктөшүүгө даяр.

Пикир

Оставить комментарий