Кыргызстандын тоо этектериндеги райондорунда сел жүрүшү күтүлөт

Кырсык 0

Бишкек, 17.06.24. /Кабар/. Өзгөчө кырдаардар министрлиги өлкө аймагында күтүлүп жаткан туруксуз аба ырайына байланыштуу шашылыш билдирүү таратты.

Ага ылайык, 17-июнда түштөн кийин, ошондой эле 18-19-июнда туруксуз аба-ырайына жана күтүлүп жаткан нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу, республиканын тоолуу жана тоо этектериндеги райондордо сел жүрүшү мүмкүн.

ӨКМ нөшөрлөгөн жамгырдан дарыяларда суунун деңгээли көтөрүлүшү күтүлөрүн жана сел каптоонун алдын алып, арыктарды таза кармоону эскертет.

Пикир

Оставить комментарий