• 87
  • 90.63
  • 0.79

Кыргызстандын тоолуу аймактарына кар көчкү түшүүсү күтүлөт

Коом 0

Бишкек, 31.12.24. /Кабар/. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги кар көчкүгө байланыштуу шашылыш билдирүү таратты.

Ага ылайык, 2025-жылдын 1-январынан 3-январына чейин жаап өткөн жана күтүлүп жаткан жаан чачынга байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда, Бишкек – Ош унаа жолунун 121-138 Төө-Ашуу ашуусу, 198-255-чакырымдарында Ала-Бел ашуусу, Чычкан капчыгайында кар көчкү түшүүcү жана кар күрткүсү күтүлөт.

Жолдор тайгак болуп, муз тоңот. Унаалардын ортосундагы 500 метр аралык кыймыл чектелиши зарыл.

Пикир

Оставить комментарий