• 88.39
  • 94.96
  • 0.97

Кыргызстандын тоолуу аймактарына кар көчкү түшүүсү күтүлөт

Коом 0

Бишкек, 01.03.24. /Кабар/. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги күтүлүп жаткан аба ырайына байланыштуу шашылыш билдирүү таратты.

Ага ылайык, 1-3-март аралыгында күтүлүп жаткан жаан-чачынга жана түзүлгөн метеорологиялык кырдаалга байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда жана унаа жолдорунда кар көчкү түшүүсү жана кар күрткүсү күтүлөт. Алар:

- Мырзаке – Кара-Кулжа – Алайкуу унаа жолунун 55-115 чакырымы;
- Бишкек – Нарын – Торугарт унаа жолунун 292-305 чакырымы (Долон ашуусу), 353-357 чак. (Кызыл-Бел ашуусу);
- Казарман – Ак-Тал – Чат унаа жолунун 42-44, 60-94 чак. (Кара-Гоо ашуусу, Ийри-Суу тилкеси);
- Каракол – Эңилчек унаа жолунун 45-90 чак. (Чон-Ашуу ашуусу).

"Жолдор тайгак болуп, муз тоңот. Унаалардын ортосундагы 500 метр аралык кыймыл чектелиши зарыл", - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий