• 84.55
  • 93.78
  • 0.94

Кыргызстандын тоолуу аймактарында сел жүрүшү күтүлөт

Коом 0

Бишкек, 16.08.24. /Кабар/. Кыргызстандын тоолуу аймактарында сел жүрүшү күтүлөт. Бул тууралуу Кыргызгидромет борборунан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 17-августан 19-августка чейин чейин күтүлүп жаткан туруксуз аба ырайына жана нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу өлкөнүн тоолуу жана тоо этектериндеги райондорунда сел жүрүшү мүмкүн.

Жарандарга бийик тоолордо жүрүш жасоону жана саякаттоону, капчыгайларда, дарыя жээктеринде эс алууну башка күндөргө жылдыруу сунушталат.

"Эгер кандайдыр бир өзгөчө кырдаалдын күбөсү болсоңуз токтоосуз 112 кызматына билдириңиз. Чалуу акысыз жана күнү-түнү кабыл алынат", - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий