Бишкек, 24.06.21. /Кабар/. Кыргызстандын тоолуу аймактарында өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.
Маалыматка ылайык, Чүй, Талас, Ысык-Көл облустарынын кээ бир райондорунда, Жалал-Абад облусунун кээ бир тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда, Ош, Баткен облустарынын тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт.
Ал эми Жалал-Абад облусунун өрөөнүндө, Ош, Баткен облустарынын дыйканчылык аймактарында жана Нарын облусунда жаан-чачын күтүлбөйт.
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, кээ бир райондордо 15-20 метрге жетиши күтүлөт.
Пикир
Оставить комментарий