• 85.5
  • 93.28
  • 0.89

Кыргызстандын тоолуу райондорунда кар көчкү түшүү коркунучу бар

Коом 0

Бишкек, 19.01.21. /Кабар/. Кыргызстандын тоолуу райондорунда кар көчкү түшүү коркунучу бар. Бул тууралуу Кыргызгидромет борборунан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 2021-жылдын 20-январынан 21-январына чейин күтүлүп жаткан жаан-чачынга байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда, Ала-Бука-Жаңыбазар-Кировка автоунаа жолунун 68-100 чакырымдарында (Чапчыма ашуусу), 200-226 чакырымдарында (Каракысмак капчыгайы), Красная Горка-Ак-Таш автоунаа жолунун 1-4 чакырымдарында жана Мырза-Аке-Кара-Кулжа-Алайкуу автоунаа жолунун 55-107 чакырымдарында кар көчкү түшүүcү жана кар күрткүсү күтүлөт, жолдор тайгак болуп муз тоңот.

Унаалардын ортосундагы 500 метр аралык кыймыл чектелиши зарыл.

Пикир

Оставить комментарий