• 87
  • 90.55
  • 0.84

Кыргызстандын тоолуу райондорунда кар көчкү түшүү коркунучу жогору

Коом 0

Бишкек, 08.04.21. /Кабар/. Кыргызстандын тоолуу райондорунда кар көчкү түшүү коркунучу жогору. Бул тууралуу Кыргызгидромет борбору билдирет.

Маалыматка ылайык, 2021-жылдын 8-9-апрелдерине жаап өткөн, жаан-чачынга жана абанын температурасынын жогорулашына байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда, Бишкек-Ош автоунаа жолунун 121-138 (Төө-Ашуу ашуусу), 198-255 (Ала-Бел ашуусу, Чычкан капчыгайы), Суусамыр-Талас-Тараз автоунаа жолунун 1-14 (Өтмөк ашуусу), Ала-Бука-Жаңыбазар-Кировка автоунаа жолунун 71-75 (Чапчыма ашуусу), 200-215 (Каракысмак капчыгайы, Кара-Буура ашуусу), Мырза-Аке-Кара-Кулжа-Алайкуу автоунаа жолунун 74-110, Бишкек-Нарын-Торугарт автоунаа жолунун 286-306 (Долон ашуусу, Кара-Үнкүр капчыгайы), Казарман-Актал-Чат автоунаа жолунун 67-93 (Кара-Гөө ашуусу), Ош-Сары-Таш автоунаа жолунун 161-179 (Талдык ашуусу), Сары-Таш-Дароот-Коргон-Кара-Мык автоунаа жолунун 97-98, 110, 136-150 жана Каракол-Эңилчек автоунаа жолунун 76-90-чакырымдарында (Чоң-Ашуу ашуусу) кар көчкү түшүүcү жана кар күрткүсү күтүлөт, жолдор тайгак болуп муз тоңот.

Унаалардын ортосундагы 500 метр аралык кыймыл чектелиши зарыл.

Пикир

Оставить комментарий