• 84.24
  • 94.05
  • 0.91

Кыргызстандын тоолуу райондорунда кар көчкү түшүү коркунучу жогору

Коом 0

Бишкек, 13.01.23. /Кабар/. Кыргызстандын тоолуу райондорунда кар көчкү түшүү коркунучу жогору бойдон калууда. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, 13-январдан 14-январга чейин Кыргызстандын тоолуу райондорунда, Бишкек-Ош автоунаа жолунун 121-138 чакырымдарында (Төө-Ашуу ашуусу), 198-265 чакырымдарында (Ала-Бел ашуусу, Чычкан капчыгайы), Суусамыр-Талас-Тараз 1-14 чакырымдарында (Өтмөк ашуусу), кар көчкү түшүүcү жана кар күрткүсү күтүлөт, жолдор тайгак болуп муз тоңот.

Унаалардын ортосундагы 500 метр аралык кыймыл чектелиши зарыл.

Пикир

Оставить комментарий