• 87
  • 90.41
  • 0.84

Сак болуңуздар! Кыргызстандын тоолуу райондорунда кар көчкү түшүшү мүмкүн

Коом 0

Бишкек, 20.02.24. /Кабар/. Кыргызстандын тоолуу райондорунда кар көчкү түшүшү мүмкүн. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, Мырза-Аке — Кара-Кулжа — Алайкуу унаа жолунун 55-115-чакырымдарында, Бишкек — Нарын — Торугарт унаа жолунун 292-305-чакырымдарында (Долон ашуусу), 353-357-чакырымдарында (Кызыл-Бел ашуусу), Казарман — Ак-Тал — Чат унаа жолунун 42-44, 60-94-чакырымдарында (Кара-Гоо ашуусу, Ийри-Суу тилкеси), Каракол — Эңилчек унаа жолунун 45-90-чакырымдарында (Чоң-Ашуу ашуусу), Барскоон — Ак-Шыйрак унаа жолунун 52-68-чакырымдарында (Сөөк ашуусу) кар көчкү түшүүcү жана кар күрткүсү күтүлөт.

Жолдор тайгак болуп муз тоңот. Унаалардын ортосундагы 500 метр аралык кыймыл чектелиши зарыл.

Пикир

Оставить комментарий