• 87
  • 90.59
  • 0.87

Кыргызстандын улуттук экспозициясы Москвадагы көргөзмөгө катышууда

Коом 0

Бишкек, 14.11.24. /Кабар/. Кыргызстандын улуттук экспозициясы Москвадагы көргөзмөгө катышууда.

Тышкы иштер министрлигинен маалымдашкандай, Кыргызстандын улуттук экспозициясы 64 атамекендик тигүү жана текстиль ишканаларынын катышуусунда уюштурулду.

12-ноябрда Москва шаарында 18-эл аралык көргөзмө - BEE-TOGETHER жеңил өнөр жайда аутсорсинг боюнча бизнес платформасы ачылды. Анын аянтында Кыргызстандын Россия Федерациясындагы элчилиги РФ Мода индустриясынын катышуучуларынын ассоциациясы (RAFI) менен жигердүү иш алып баруу менен "Кыргыз Экспорт" экспортту өнүктүрүү жана илгерилетүү мамлекеттик борборунун, "Евразия бизнес клубу" ОЮЛ текстилди өнүктүрүү борборунун колдоосу боюнча улуттук көргөзмөсү ишин баштады.

Көргөзмө менен таанышуу учурунда Кыргызстандын Россиядагы элчиси Кубанычбек Боконтаев өлкөнүн тигүү жана текстиль өнөр жайынын жогорку экспорттук жана өндүрүштүк потенциалын өзгөчө белгилеп, соода-экономикалык чөйрөдө кыргыз-орус кызматташтыгын кеңейтүүгө кошкон салымы үчүн уюштуруучуларга жана көргөзмөнүн катышуучуларына ыраазычылык билдирди. Ошондой эле ал Кыргызстандын алдынкы соода өнөктөштөрүнүн бири болгон ата мекендик өндүрүүчүлөрдүн продукциясынын Россиянын рыногуна чыгышын камсыз кылуу үчүн ушундай аянтчаларда экономикалык дипломатияны мындан ары жигердүү илгерилетүү зарылдыгын баса белгиледи.

РАФИнин президенти Татьяна Белькевич кыргыз тарапка ыраазычылык билдирүү менен 18-BEE-TOGETHER эл аралык көргөзмөсүндөгү Кыргызстандын тигүү жана текстиль өнөр жайынын катышуучуларынын болуп көрбөгөндөй жогорку санын белгиледи жана россиялык кардарлардын, корпоративдик бренддердин, федералдык соода түйүндөрүнүн жана базарлардын да Кыргызстандын фабрикаларына кызыгуусу өсүп жатканын канааттануу менен айтып өттү.

Кошумчалай кетсек, 18-BEE-TOGETHER эл аралык көргөзмөсү Москва шаарында 14-ноябрга чейин өтөт. Көргөзмөнүн биринчи күнүнүн жыйынтыгы боюнча бир катар кыргызстандык компаниялар кийим-кече жана текстиль буюмдарын жеткирүү боюнча бир катар келишимдерди жана макулдашууларды түзүүгө жетишти.

Маалымат үчүн: "Bee-Together" - бул жеңил өнөр жай тармагындагы B2B-бизнес платформасы түрүндөгү, фабрикаларды потенциалдуу кардарларды бренддер, чекене сатуучулар, корпоративдик кардарлар жана башкалар менен байланыштырган Россиядагы жана КМШдагы алдыңкы адистештирилген эл аралык көргөзмөлөрдүн бири. Жылына эки жолу уюштурулуп жаткан иш-чарага эл аралык өндүрүүчүлөр (КМШ өлкөлөрүнүн, Кытай, Түркия, Бангладеш ж.б. фабрикалар) катышууда.

Пикир

Оставить комментарий