• 87
  • 90.41
  • 0.84

Азия Кубогу: Кыргызстандын улуттук курамасы Таиландга утулуп калды

Спорт 0

Бишкек, 16.01.24. /Кабар/. Кыргызстандын футбол боюнча улуттук курама командасы Таиланд курамасына каршы оюн өткөрдү.

Бул улуттук кураманын 2023-жылкы Азия Кубогунун алкагындагы алгачкы беттеши болду.

Оюн Доха шаарындагы Абдулла бин Халиф стадионунда өттү.

Оюндун биринчи таймында эки курама тең күчтүүлүгүн көрсөтүп, бири-бирине кооптуу чабуулдарды жасашты. Оюндун биринчи бөлүгү 1:0 менен аяктады. Таиланддын курамасы алдыда.

Оюндун экинчи бөлүгүндө атаандаштар "Ак шумкарлардын" дарбазасына дагы бир гол киргизип, оюн 2:0 эсебинде Таиланд командасынын пайдасына жыйынтыкталды.

Белгилей кетсек, Азия Кубогуна жалпысынан 24 улуттук футбол курама командасы катышып, алар төрт командадан турган алты тайпага бөлүнгөн.

Тайпалык этаптын жыйынтыгы боюнча турнирдин плей-офф баскычына ар бир квартеттен эң мыкты эки команда, ошондой эле тайпада 3-орунду ээлегендердин ичинен эң мыкты 4 команда чыгат.

Кыргызстандын футбол боюнча улуттук курама командасы Азия биринчилигине өз тарыхында экинчи жолу ойноп жатат.

Кыргызстандын улуттук курамасы "F" тайпасында орун алган, атаандаштары Таиланд, Сауд Аравия жана Оман курамалары болот.

Оюндардын жүгүртмөсү: 16-январь | 1-оюн күнү

Таиланд

20:30

Кыргызстан

Абдулла бин Халиф стадиону

Сауд Аравия

23:30

Оман

Халифа стадиону

21-январь | экинчи 2-оюн күнү

Оман

20:30

Таиланд

Абдулла бин Халиф стадиону

Кыргызстан

23:30

Сауд Аравия

Ахмат бин Али стадиону

25-январь | 3-оюн күнү

Кыргызстан

21:00

Оман

Абдулла бин Халиф стадиону

Сауд Аравия

21:00

Таиланд

Эдьюкейшн сити стадиону

Азия Кубогу үстүбүздөгү жылдын 12-январынан 10-февралына чейинки араыкта Катардагы 9 стадионунда өтүүдө.

Пикир

Оставить комментарий