Кыргызстандын велоспортчулары Азия чемпионатында байгелүү орундарга ээ болду

Спорт 0

Бишкек, 13.06.24. /Кабар/. Кыргызстандын велоспорт боюнча курама командасынын мүчөлөрү Александр Дядичкин жана Игорь Филин 43-Азия чемпионатында байгелүү орундарга ээ болду.

Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришкендей, аталган чемпионат 5-12 июнь күндөрү Казакстандын Алматы шаарында болуп өттү.

Александр Дядичкин 35-39 жаш курактагылар арасындагы жарышта күмүш медаль утса, 55-59 жаш курактагылар арасындагы жарышта Игорь Филин үчүнчү орунду ээлеп, коло медалга татыды.

Пикир

Оставить комментарий