• 84.2
  • 93.61
  • 0.94

Кыргызстандын Ѳзбекстандагы маданият күндѳрү аяктады

Маданият 0

Ташкент, 21.07.24. /Тѳлѳнбай Курбанов – Кабар/. Ташкент шаарындагы “Кѳгүлтүр күмбѳздѳр” сейил паркында кечээ түнүндѳ Кыргызстандын Ѳзбекстандагы маданият күндѳрүнүн жабылышына арналган салтанаттуу азем жана гала концерт ѳттү.

Аземдин башталышында Өзбекстандын маданият министринин биринчи орун басары Абасхон Таджиханов жана Кыргызстандын маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин биринчи орун басары Темирлан Ажымалиев бул иш-чара Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосунда бекем байланыштарды жана узак мөөнөттүү кызматташтыкты түзүү, эки өлкөнүн элдеринин ортосундагы бекем достук жана ынтымактуулукту жаратууда олутту мааниге ээ экендигин баса белгилешти.

Ташкент шаарынын 70 тен ашкан тургуну Бахтиер Момуновдун айтымында, соңку 30 жылдын ичинде Ѳзбекстанда кыргыз-ѳзбек достугуна арналган мындай чоң жана жогорку денгээдеги салтанаттар болбогон.

“Ташкенттин борборуна тигилген “Кыргыз айылы” шаарыбыздын тургундары үчүн эң популярдуу жайга айланды. Боз үйлѳр, улуттук кѳргѳзмѳ тарыхыбыз жана тагдырыбыз, тилибиз жана дилибиз, маданий турмушубуз бир экендигин далилдеп турат. Асманыбыз ачык, элибиз тынч, достугубузуз түбѳлүк болсун”, дейт Бахтиер ата.

КР маданиятына эмгек сиңирген ишмер Нур Өмүрбаев жетектеген Чоро Кожомжаров атындагы эстрадалык-симфониялык оркестри тарабынан сунушталган гала концерт Ташкент шаарынын тургундары жана меймандары тарабынан зор кызыгуу жана кунт коюу менен тосуп алынды.

Кыргызстан маданияты ѳкүлдѳрүнүн бир тобу бүгүн Бухарага жол тартышты.

Пикир

Оставить комментарий