Бишкек, 17.09.20. /Кабар/. Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги 7-сентябрдан тартып Кыргызстан жарандары Швейцарияга келгенде 10 күндүк карантинден өтүшү керек болгон өлкөлөрдүн тизмесинен чыгарылгандыгын маалымдайт.
Тиешелүү чечим Швейцария өкмөтү тарабынан 4-сентябрь күнү кабыл алынган.
"7-сентябрдан тартып Кыргыз Республикасынын жарандары виза жана башка уруксат документтери менен Швейцарияга эркин кире алышат", - деп билдирет министрлик.
Пикир
Оставить комментарий