• 84.7
  • 92.91
  • 0.89

Кыргызстандын жарандык авиациясынын бүгүнкүсү жана эртеңи – маек

Маек 0

Бүгүнкү күндө Кыргызстандын жарандык авиациясы эл аралык стандарттарга шайкеш иштөөгө аракеттерди көрүүдө. Жарандык авиация мамлекеттик агенттигинин директорунун орун басары Канат Төлөгөнов “Кабар” агенттигине маек куруп, бул тармакта ишке ашырылган долбоорлор жана алдыга коюлган бир катар пландар тууралуу айтып берди.

– Кыргызстандын авиация тармагында жыл башынан бери аткарылган иштерге саресеп салсак. Мерчемделген кандай иштер жүзөгө ашты?

– Үстүбүздөгү жылдын 9 айында өлкө аймагындагы аэропорттордо жалпысынан 4 млн 328 миң 132 жүргүнчү тейленди. Мында өсүү динамикасы 3,5%ды түздү. Ички аба каттамдар боюнча жүргүнчүлөрдүн агымынын көбөйүшү 11%ды түздү. Бул көрсөткүчтөргө биз Бишкек – Жалал-Абад, Ош–Тамчы, Жалал-Абад–Тамчы каттамдарынын санынын көбөйүшүнө байланыштуу жетише алдык.

– Ички каттамдарга улай эле, эл аралык каттамдарды ачуу боюнча токтоло кетсеңиз...

– Быйыл Бишкек – Пекин – Бишкек багыты боюнча бир эл аралык каттам ачылды. Ошол эле маалда Баку шаарына каттамдар жандандырылды жана Ташкент, Сеул, Новосибирск, Москва каттамдарынын саны көбөйтүлдү. Инчхон – Бишкек – Загреб багыты боюнча транзиттик каттам аткарылып жатат. Ошондой эле биз Улуу Британия, Оман, Бахрейн, Иордания, Кипр, Вьетнам, Сингапур, Польша, Мальта, Люксембург сыяктуу өлкөлөр менен аба каттамы тууралуу макулдашуулардын долбоорлорунун алкагында иштеп жатабыз. Жалпысынан 40 ченемдик укуктук актылар иштелип чыгып, алардын ичинен авиациялык коопсуздуктун деңгээлин жөнгө салуу жана жогорулатуу боюнча 19 буйрук чыгарылган жана Латвия менен аба каттамы жөнүндө макулдашуу жактырылган.

– Бишкектеги “Манас” эл аралык аэропортунан дүйнөнүн чар тарабына миллиондогон адамдар учуп жатат. Региондогу аэропорттодо абал кандай, ал жакта да жүргүнчүлөрдүн саны өстүбү?

– Бишкек шаарынан 30 каттам боюнча 12 өлкөгө учактар учат, Ош шаарынан 5 өлкөгө 17 каттам боюнча учуулар жүргүзүлөт. Ал эми Ысык-Көлдөн сезондуулукту эске алуу менен 3 каттам каттайт. 2024-жылы Ошко ички каттамдардын саны жумасына 50 каттамга чейин, Жалал-Абадга жумасына 7 каттамдан 14 каттамга чейин, Баткенге жумасына 1 каттамдан 3 каттамга чейин, Раззаковго жумасына 1 каттамдан 4 каттамга чейин көбөйтүлгөн.

– Жарандык авиация мамлекеттик агенттиги тарабынан алдыда дагы кайсы мамлекеттер менен түз авиакаттамдарды ачуу пландалууда? Бул багытта сүйлөшүүлөр жүрүп жатабы?

– Мамлекеттик агенттиктин директорунун милдетин убактылуу аткаруучу Данияр Бостонов бир катар чет мамлекеттик авиация жетекчилери жана Латвия, Португалия, Улуу Британия, Малайзия, Катар өлкөлөрүнүн авиакомпанияларынын өкүлдөрү менен жолугушуусу өткөрүлдү. Жолугушуулардын жыйынтыгы боюнча айта турган болсом, Кыргызстан менен аба каттамдарды, түз авиакаттамдарды ачуу мүмкүндүгү тууралуу макулдашууларга жетишилди. Ошондой эле авиациялык кадрларды (авиадиспетчерлерди) окутуу, даярдоо жана бул жаатта квалификациялуу адистерди даярдоо жаатында кызматташуу маселелери талкууланып, өз ара түшүнүшүү жана кызматташуу жөнүндө 3 меморандумга кол коюлду. Катар авиациялык академиясы кыргызстандык учкучтарды окутуу үчүн акысыз квоталарды бөлүүнү тастыктады, бул Кыргызстандын жарандык авиациясынын кадрдык потенциалын өнүктүрүүгө маанилүү салым деп эсептейбиз. Мен Кыргызстандын түштүгүнө Ош–Кашгар жаңы аба трассасын ачуу маселеси боюнча Кытайдын Сиянь шаарында өткөн техникалык жолугушууга катыштым. Мында Казакстан менен Өзбекстандын делегациясынын өкүлдөрү бул аба трассасынын ачылышын колдошту.

– Региондордо аэропорттор реконструкцияланып, айрымдары чекесинен пайдаланууга берилүүдө. Оңдоп-түзөө жумуштары азыр кайсы аба майдандарда аткарылууда?

– 2024-жылы “Манас” эл аралык аэропорту реконструкциялоо жана жаңылоо боюнча иштерди улантты. “Манас” эл аралык аэропортунда “Манас-2” аэровокзалында (VIP) жүргүнчүлөрдү тейлөө үчүн жаңы залдын курулушу, жергиликтүү авиалиниялардын учуу зонасын кеңейтүү, вокзалдын жанындагы автопарковканын курулушу аяктады. Бүгүнкү күндө аэропорттун аймагында жаңы май куюучу комплексти куруу жана “Манас тренинг борбору” окуу-машыгуу борборун капиталдык оңдоо иштери улантылууда. “Ош” эл аралык аэропортунда учуу-конуу тилкесинин жасалма катмарын жаңылоо боюнча курулуш-монтаждоо иштери жана жүк терминалын куруунун долбоордук-сметалык документтерин иштеп чыгуу иштери аяктады. “Ысык-Көл” эл аралык аэропортунда аэробекеттин комплексинин жаңы имаратын куруу боюнча курулуш-монтаждоо иштери жүрүп жатат. “Каракол” эл аралык аэропортунда саатына 250 жүргүнчүнү батыра турган жаңы аэробекет комплекстин курулушу аяктоодо, керектүү жабдуулар менен жабдуу иштери жүргүзүлүүдө. Аэродромдун элементтерин реконструкциялоо жана учуу-конуу тилкесин 2450 метрге чейин узартып, жаңы асфальтбетон катмары төшөлүүдө. “Жалал-Абад” аэропортунда аэродромдун учуп-конуучу тилкенин, рулеждик жолдун жана перрондун элементтерин жасалма жабуу иштерин оңдоо - калыбына келтирүү иштеринин жалпы этабын ишке ашыруу боюнча иштер башталды. “Талас”, “Нарын” аэропортторунда аэробекеттин жаңы имаратын куруу жана керектүү жабдуулар менен жабдуу боюнча курулуш-монтаждоо иштери аяктады. “Талас”, “Казарман”, “Кербен” аэропортторунда аэродромдор оңдоп-калыбына келтирилди. “Раззаков” аэропортунда перронду жана рулеждик жолду кеңейтүү долбоору боюнча долбоордук-сметалык документтерди иштеп чыгуу боюнча иштер аяктады. Эми курулуш-монтаждоо иштерин аткарууга келишим түзүү үчүн зарыл болгон документтер даярдалат. Жүзөгө ашырылган долбоорлордун жыйынтыгы боюнча бүгүнкү күндө “Талас”, “Казарман”, “Караван” аймактык аэропорттору ишке киргизилди, алар Ан-28, Avro Rj-85, SAAB, Dash-8-Q400 сыяктуу аба кемелерин кабыл алууга мүмкүнчүлүккө ээ болду.

– Европа биримдигинин “кара тизмесинен” чыгуу боюнча кандай иш-аракеттер жасалууда?

– Берилген документтер боюнча Европа тараптан алдын ала отчет алынды, берилген сын-пикирлердин пункттары боюнча иш жүргүзүлүүдө. Ошондой эле Евробиримдиктин консалтингдик компаниялары менен Евробиримдиктин кара тизмесинен чыгуу үчүн көмөк көрсөтүү маселеси боюнча сүйлөшүүлөр жүрүп жатат. Мамлекеттик агенттик жарандык авиацияны көзөмөлдөө жана жөнгө салуу системаларында техникалык жакшыртууларды ишке ашыруу боюнча жигердүү иш алып барууда, ал дагы кара тизмеден чыгуу үчүн негизги ролду ойнойт. Жарандык авиация мамлекеттик агенттигинин кызматкерлери жана инспекторлору үчүн авиациялык коопсуздук, учуулардын коопсуздугу, авиациялык кырсыктар боюнча окуулар өткөрүлдү.

–“Манас” аэропорту Эл аралык жарандык авиация уюмунун (ИКАО) авиациялык коопсуздук жаатындагы аудитинен өттү. Анда уюм тарабынан Кыргызстандын авиациясына кандай баа берилди?

2024-жылдын 19-28-августтунда авиациялык коопсуздук жана формалдуулукту жөнөкөйлөтүү жаатында ИКАОнун аудити жүргүзүлдү. Алдын ала маалыматтар боюнча, Кыргызстандын авиациялык коопсуздук боюнча маанилүү элементтерди аткаруу деңгээли 81,43%ды түздү, бул 2017-жылдын жыйынтыгынын деңгээлинен төмөн эмес. Бул аэропорттун эл аралык стандарттарга шайкеш келерин түшүндүрөт.

Маектешкен Мээрим Дүйшөналиева, Кыргыз улуттук “Кабар” маалымат агенттиги

Пикир

Оставить комментарий