• 88.68
  • 95
  • 0.95

Кыргызстандын жаштар форуму онлайн форматта өтөт

Коом 0

Бишкек, 07.11.20. /Кабар/. 10-ноябрь күнү Кыргыз Республикасынын жаштар күнүнө карата онлайн Кыргызстан жаштар форуму өтөт. Бул тууралуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттиги билдирет.

Маалыматка ылайык, форумдун негизги максаттары:

  • COVID -19 пандемиясы менен күрөшүүдө жаштардын жана ыктыярчылардын жардамы жөнүндө маалымат берүү;
  • Туруктуу өнүктүрүү максаттарын ишке ашыруудагы жаштардын ролун (ТӨМ) көрсөтүү.
  • Жаштарды санариптештирүү долбоорлоруна, стартап долбоорлорду, гранттык конкурстарга жана башкаларга катышуу мүмкүнчүлүктөрү тууралуу маалымдоо.

Онлайн форумда белгилүү спикерлер жаштардын жетишкендиктери жана мүмкүнчүлүктөрү жөнүндө айтып беришет.

Эгер сиз онлайн форумга катышууну кааласаңыз, 2020-жылдын 8-ноябрына чейин jashtar.kg.gov@gmail.com дарегине төмөнкү маалыматты жиберишиңиздер керек:

  • аты-жөнүңүздү;
  • байланыш телефон номуруңуз;
  • электрондук почтаңыздын дарегин.

Форум 10-ноябрда саат 10:00дө старт алат.

Пикир

Оставить комментарий