Кыргызстандын жаштары Ысык-Көлдө БУУнун башкы катчысы менен жолугушту

Коом 0

Чолпон-Ата, 02.07.24. /Кабар/. Кыргызстандын жаштары БУУнун башкы катчысы Антониу Гутерриш менен Ысык-Көлгө сапары маалында жолугуша алышты. Бул тууралуу БУУнун Балдар фондунун Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнөн (ЮНИСЕФ) билдиришти.

Маалыматта белгиленгендей, жолугушууда жаштар таштандыларды башкаруу жана абанын булгануусу тууралуу өз ойлору жана идеялары менен бөлүшүп, климаттын өзгөрүүсүнө ыңгайлашууга карай чакан, бирок маанилүү кадамдар катары эко-адаттарга өтүү зарыл экенин айтышты.

Талкууда жаштар практикалык чечимдерди сунуштап, климаттын өзгөрүүсүнөн улам келип чыккан кесепеттерди азайтуу үчүн чакан, ырааттуу иш-аракеттер маанилүү болгонун да баса белгилешти. Жаштар экологиялык көйгөйлөрдү чечүүдө өз ролун так түшүнүп турганын көрсөтүп, туруктуу ыкмаларды күнүмдүк турмушка киргизүүнүн маанилүүнө токтолушту.

Өз кезегинде БУУнун башкы катчысы климаттын өзгөрүүсүнө байланышкан көйгөйлөрдү терең баамдап чечүүдө жаштардын күчүн жана олуттуу ролун жогору баалады.

Пикир

Оставить комментарий