• 87.45
  • 90.6
  • 0.86

Кыргызстандын жашыл энергетика тармагына дээрлик 214 млн сом инвестиция салынат

Экономика 0

Бишкек, 22.11.24. /Кабар/. Кыргызстандын жашыл энергетика тармагына дээрлик 214 млн сом инвестиция салынат.

Жашыл энергетика фондунан билдиришкендей, аталган фонд тарабынан өткөрүлгөн конкурстун жыйынтыгында энергиянын кайра жаралуучу булактарын өнүктүрүүгө 213 млн 989 миң 100 сом инвестиция тартылат.

Конкурска жалпы 9 лот жер тилкеси сунушталып, 4 компания катышкан. Жыйынтыгында 2 лот боюнча жеңүүчүлөр аныкталды.

Алар:

Ош облусунун Өзгөн районундагы Салам Алик айылына 3 МВт кубаттуулуктагы чакан ГЭСь куруу.

- Жеңүүчү: "Онли Групп" ЖЧКсы
- Инвестициянын көлөмү: 90 млн сом.

Ош облусунун Кара-Кулжа районунун Сары-Бээ айылына 2 МВт кубаттуулуктагы чакан ГЭС куруу.

- Жеңүүчү: "МТБ Инжиниринг Строй" ЖЧКсы
- Инвестициянын көлөмү: 123,9 млн сом.

Белгилей кетсек, бул долбоорлор энергетикалык көз карандысыздыкты бекемдеп, туруктуу жана экологиялык таза келечек түзүүгө өбөлгө болот.

Пикир

Оставить комментарий