• 85.2
  • 93.15
  • 0.86

Кыргызстандын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында депутат аялдар көбөйүүдө

Коом 0

Бишкек, 10.10.24. /Акназик Тургунбаева - Кабар/. Жарандар жергиликтүү кеңештерге шайлоодо 80% гендердик квотаны колдошот. Бирок аймактарда жана жаш боюнча топтордо колдоо деңгээлинде айырмачылыктар бар. Бул тууралуу БШКнын төрайымы Нуржан Шайлдабекова билдирди.


Анын айтымында, аймактар арасындагы сурамжылоонун натыйжасында жергиликтүү кеңештерге шайлоодо 62,2% аял депутаттар өз милдеттерин мыкты аткарат деп эсептешет.

«Аялдардын саясий укуктарын кеңейтүү маселеси жөн гана теңчилик жана адилеттүүлүк маселеси эмес. Ал прогресстин, туруктуу өнүгүүнүн жана жалпы бакубатчылыктын маселеси. Аялдар саясатка эркектер менен бирдей катышуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болгондо, биз калктын бардык катмарынын кызыкчылыктарын эске алган кеңири чечимдерди кабыл алабыз. Аялдардын лидерлик потенциалына көмөк көрсөтүүдө, жергиликтүү кеңештерге таза шайлоонун маанилүүлүгүн түшүнүүдө , жергиликтүү кеңештердин жаңы курамында лидер аялдардын татыктуу ордун ээлөө үчүн шарттарды түзүүдө БШКнын өзгөчө ролу бар», - деди Шайлдабекова.

Ал эми, Өнүктүрүү саясат институтунун Башкармалыгынын төрайымы Надежда Добрецова жергиликтүү кеңештерге шайлоолорго катышуу аркылуу аялдардын укуктары кеңейип жаткандыгын билдирет.
Анын айтымында, аялдын активдүү позициясы Кыргызстандын элинин рухуна жана үрп-адаттарына карама-каршы келбейт.

«Биз өлкөнүн тарыхында биринчи жолу салттарды жана менталитетти, үй-бүлөлүк мамилелердин моделдерин эске алуу менен жергиликтүү кеңештерге шайлоодо гендердик квотага болгон мамилени райондор боюнча талдап жатабыз. Бул контекстти эске албай туруп, өз коомун өнүктүргөнгө катышууга умтулган аялдарды натыйжалуу колдоо мүмкүн эмес. Биз шайлоочулар аялдарга өз тандоосу менен добуш бериш үчүн, туура сөздөрдү жана ынандыруу формаларын табышыбыз керек. Райондор боюнча квотага болгон мамилени баалоонун жыйынтыктары мамлекетке жана бардык кызыкдар тараптарга максаттуу иштерди уюштурууга жардам берет деп ишенебиз», -деди ал.

Пикир

Оставить комментарий