Кыргызстандын жиу-житсу боюнча курамасы эл аралык мелдеште 11 медаль жеңди

Спорт 0

Бишкек, 19.05.24./Кабар/. Кыргызстандын жиу-житсу боюнча улуттук курама командасынын мүчөлөрү эл аралык мелдеште 11 медаль (2 алтын, 3 күмүш жана 6 коло) жеңди.

Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришкендей, AJP ABU DHABI GRAND SLAM аталышындагы эл аралык турнир Бириккен Араб Эмиратынын Абу-Даби шаарында өттү.

Алтын байгенин ээлери:

  • Александр Дворников (85 кг чоңдор арасында);
  • Абдусалим Розобаев (50 кг жаштар арасында).

Күмүш байгенин ээлери:

  • Султан Русланбеков (66 кг жаштар арасында);
  • Ильяс Халбаев (50 кг жаштар арасында);
  • Янар Сарыбаев (94 кг жаштар арасында).

Коло байгенин ээлери:

  • Безруз Саламов (50 кг жаштар арасында)
  • Мурат Фазилов (46 кг жаштар арасында);
  • Темирлан Жумакадыров (46 кг жаштар арасында);
  • Арген Абдыманапов (69 кг чоңдор арасында)
  • Умар Яншанло (56 кг чоңдор арасында);
  • Муратбек Ганиев (120 кг чоңдор арасында).

Пикир

Оставить комментарий