• 84.2
  • 93.8
  • 0.91

Кыргызстандын жоокерлери Казакстанга “Бузулбас боордоштук-2024” машыгуусуна жөнөп кетти – сүрөт

Коом 0

Бишкек, 25.09.24. /Кабар/. Бүгүн 30670 аскер бөлүгүнүн аскер кызматчылары “Бузулбас боордоштук-2024” машыгуусуна катышуу үчүн жөнөп кетти.

Коргоо министрлигинин маалыматы боюнча, жоокерлер Казакстанда өтө турган Жамааттык коопсуздук келишим уюмунун (ЖККУ) тынчтыкты орнотуучу күчтөрү менен биргеликте өтүүчү командалык-штабдык машыгууга катышат.

Машыгуу 28-сентябрдан 5-октябрга чейин “Берег” полигонунда өтөт.

Эске салсак, “Бузулбас боордоштук” командалык-штабдык машыгуусу былтыр Кыргызстанда өткөн.

Пикир

Оставить комментарий