• 84.55
  • 93.78
  • 0.94

Кыргызстандын ЖОЖдоруна 45 этникалык кыргыз окууга кабыл алынды

Билим 0

Бишкек, 30.08.24. /Кабар/. 2024-2025-окуу жылында Кыргызстандын жогорку окуу жайларына чет өлкөдө жашаган 45 этникалык кыргыз кабыл алынды.

илим берүү жана илим министрлигинен билдиришкендей, анын ичинен:

  • Ош мамлекеттик университетине – 11 абитуриент,
  • И.Ахунбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясына – 8,
  • Ж.Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетине – 5,
  • И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетине – 4,
  • Б. Сыдыков атындагы Кыргыз-Өзбек эл аралык университети – 4,
  • А. Мырсабеков атындагы Ош мамлекеттик педагогикалык университети – 3,
  • М. Адышев атындагы Ош технологиялык университети – 3,
  • И. Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университети – 3,
  • К. Карасаев атындагы Бишкек мамлекетик университети – 2,
  • К. Молдобасанов атындагы Кыргыз улуттук консерватория – 2.

Белгилей кетсек, 23-августта 2024-2025-окуу жылына Кыргыз Республикасынын жогорку окуу жайларына кабыл алуу үчүн чет өлкөдө жашаган этникалык кыргыздарга кирүү сынагы өткөрүлгөн. Сынакка Өзбекстан Республикасынан жана Тажикстан Республикасынан 50 этникалык кыргыз катышкан.

Быйыл Кыргызстандын ЖОЖдорунда окуу үчүн чет өлкөлөрдө жашаган этникалык кыргыздарга 75 квота бөлүнгөн.

Пикир

Оставить комментарий