• 84.7
  • 93.39
  • 0.89

Кыргызстандын ЖОЖдорунда кыздар үчүн өзүн-өзү коргоо курсун ачуу пландалууда

Коом 0


Бишкек, 20.07.23. /Кабар/. Кыргызстандын жогорку окуу жайлары кыздар үчүн өзүн-өзү коргоо курсун ачууну пландоодо. Бул тууралуу “Кабар” агенттигинде өткөн маалымат жыйынында КР Аралаш мушташ боюнча федерациясынын президенти Нуралы Айдаров билдирди.

Анын айтымында, курсту "Кыргызстандын аялдары жана балдары үчүн өзүн-өзү коргоо курсу" долбоорунун алкагында ачуу пландалууда.

"Учурда бул маселе боюнча сүйлөшүүлөр жүрүп жатат", - деди ал.

Мындан тышкары, Айдаров долбоордун алкагында чет элдик машыктыруучуларды тартуу пландалып жатканын белгиледи.

Пикир

Оставить комментарий