• 87
  • 90.43
  • 0.88

Кыргызстандын ЖОЖдорунун Малайзиялык университет менен кызматташтыгы талкууланды

Коом 0

Бишкек, 22.10.24. /Кабар/. Билим берүү жана илим министринин орун басары Расул Абазбек уулу Малайзиянын Кыргызстандагы элчиси, Эл аралык ислам университетинин башкаруучулар кеңешинин мүчөсү Сайед Хуссейн Аль-Хабши жетектеген Малайзиянын Эл аралык ислам университетинин делегациясы менен жолугушту.

Ведомстводон билдиришкендей, тараптар билим берүү жаатында кызматташуу багыттарын, биргелешкен иш-чараларды уюштуруу маселелерин талкуулашты.

Жолугушуунун катышуучулары кыргызстандык ЖОЖдор менен өнөктөш болуу, академиялык мобилдүүлүк программаларын ишке ашыруу, студенттерди алмашуу жана билим берүүнүн сапатын жакшыртуу маселелерине көбүрөөк көңүл бөлүштү.

Белгилей кетсек, 1983-жылы негизделген Малайзиянын Эл аралык ислам университетинде 24 миңден ашуун студент билим алат, алардын ичинен 6 миңге жакыны чет өлкөлүктөр.

Пикир

Оставить комментарий