• 87
  • 90.41
  • 0.84

Кыргызстанга Беларусь Республикасынын премьер-министри Роман Головченко келди

Саясат 0

Бишкек, 19.08.21. /Кабар/. Кыргыз Республикасына Евразиялык өкмөттөр аралык кеңешинин кезектеги жыйынына катышуу үчүн Беларусь Республикасынын премьер-министри Роман Головченко келди. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдирет.

Белгилей кетсек, 2021-жылдын 19-20-августунда Чолпон-Ата шаарында Евразиялык өкмөттөр аралык кеңешинин кезектеги жыйыны өтөт. Кеңешменин жүрүшүндө интеграциялык биримдиктин алкагындагы бир катар актуалдуу маселелер каралмакчы.

Пикир

Оставить комментарий