• 84.7
  • 92.91
  • 0.89

Кыргызстанга бодо малды мыйзамсыз алып кирүүгө аракет кылгандар кармалды

Укук тартиби 0

Бишкек, 05.02.21. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик салык кызматынын кызматкерлери кыргыз-казак мамлекеттик чек арасында жайгашкан контролдук-өткөрмө пункттарына жакын жердеги товарларды эсепке алуу пункттарынан уруксат берүүчү документтерсиз ири мүйүздүү бодо малды ташып кирүүнүн кезектеги фактыларын аныкташты.

Салык кызматынын басма сөз кызматынан кабарлашкандай, 760 баш ири мүйүздүү малды алып өтүүгө аракет кылган унаалар кармалды. Анын ичинен “Чалдовар авто жолу” бекетинен 442 бодо мал, “Ак-Тилек авто жолу” көзөмөл жайынан 318 баш.

Импорттоочуларда товарды ташып келүүгө салыктык каттоо жөнүндө салык органынын маалымкаты жок болгон.

Бузуу фактылары боюнча материалдар мыйзамга ылайык иш-чараларды көрүү үчүн мобилдик топко берилди.

Пикир

Оставить комментарий