• 84.36
  • 93.89
  • 0.92

Кыргызстанга Чехиядан асыл тукум ийри мүйүздүү мал алып келинди

Экономика 0

Бишкек, 11.09.24. /Кабар/. Кыргызстанга Чехиядан асыл тукум ийри мүйүздүү мал алып келинди. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, малдар лизингге фермер Азамат Маданбеков тарабынан Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районуна 7 жана Жети-Өгүз районуна 24 баш бооз симментал породасындагы кунаажындар алып келинди.

Симментал породасы бул сүт-эт багытындагы порода болуп эсептелет.

"Айыл банк" ААКнын маалыматы боюнча, 2023-жылы 680 баш 180 млн сомго асыл тукум симментал жана күрөң швиц породасындагы ири мүйүздүү малдар сатып алынып лизингге берилген. Ал эми 2024-жылдын 7 айында 289 баш симментал жана абердин ангус породасындагы ири мүйүздүү малдар 58 млн. 776 миң сомго сатылып алынып, лизингге берилди.

Пикир

Оставить комментарий