Кыргызстанга дүйнөдөгү эң чоң "Харли-Дэвидсон" мото клубунун 65 өкүлү келди – сүрөт

Коом 0

Бишкек, 29.05.24. /Айпери Кожоева – Кабар/. Кыргызстанга дүйнөдөгү эң чоң "Харли-Дэвидсон" мото клубунун 65 өкүлү келди.

Дүйнөдөгү мото сүйүүчүлөрдүн арасындагы эң чоң болуп Кытайдагы "Харли-Дэвидсон" клубу саналат. Анын курамын кытайлык ири компаниялардын жетекчилери, ишкерлер жана белгилүү блогерлер түзөт.

Алар жыл сайын дүйнөнү кыдырып, туристтик жайларды көрүп, барган өлкөнүн меймандостугун, кооздугун, артыкчылыктарын дүйнөгө, миллиард калкы бар кытай элине жарнамалап таанытышат.

"Буга чейин бул мото клубдун өкүлдөрү 80ге жакын өлкөнү кыдырышкан. Быйыл Кыргызстанга келип отурушат. Биздин туристтик потенциалды жана кооз жаратылышты көрөлү деген сунуш келген. Азыр тосуп отурабыз", - деди президенттин администрациясынын маалыматтык саясат кызматынын жетекчиси Дайырбек Орунбеков.

Алдыңкы 3-4 күндө Чүй, Ысык-Көл жана Нарын облустарын кыдырып, Торугарт аркылуу Кытайга кайтып кетишет.

“Бизди Кыргызстан абдан жакшы тосуп алды. Алдыда кызыктуу күндөрдү өткөрөбүз деп ойлойм”, - деди гонконгдук мотоцклист Жеймс.

Белгилей кетсек, Кыргызстанга чейин мото сүйүүчүлөр беш миң чакырым жол жүрүп келишкен.

Пикир

Оставить комментарий