Кыргызстанга дүйнөдөгү эң чоң "Харли-Дэвидсон" мото клубунун өкүлдөрү келет

Коом 0

Бишкек, 29.05.24. /Кабар/. Кыргызстанга дүйнөдөгү эң чоң "Харли-Дэвидсон" мото клубунун өкүлдөрү келет. Бул тууралуу президенттин администрациясынын маалыматтык саясат кызматынын жетекчиси Дайырбек Орунбеков социалдык баракчасына жазды.

Анын айтымында, туристтик сезон мына ушундай жагымдуу окуя менен башталганы турат.

"Дүйнөдөгү мото сүйүүчүлөрдүн арасындагы эң чоң болуп Кытайдагы "Харли-Дэвидсон" клубу саналат. Анын курамын кытайлык ири компаниялардын жетекчилери, ишкерлер жана белгилүү блогерлер түзөт. Алар жыл сайын дүйнөнү кыдырып, туристтик жайларды көрүп, барган өлкөнүн меймандостугун, кооздугун, артыкчылыктарын дүйнөгө, миллиард калкы бар кытай элине жарнамалап таанытышат.

Аталган клубдун өкүлдөрү өздөрүнүн мото унаалары менен бүгүн Кыргызстанга келишет. Алдыңкы күндөрү Чүй, Ысык-Көл жана Нарын облустарын кыдырып, Торугарт аркылуу Кытайга кайтып кетишет. Кош келиңиздер кымбаттуу кытайлык достор!", - деп жазды ал.

Пикир

Оставить комментарий