• 85.8
  • 92.87
  • 0.89

Бишкекке ичинде кондиционери бар автобустардын партиясы келе жатат

Коом 0


Бишкек, 23.10.24. /Диана Айдарова - Кабар/. Бишкекке Түркиядан 35 автобус келе жатат. Бул тууралуу "Кабар" агенттигине Бишкек шаарынын вице-мэри Жамалбек Ырсалиев билдирди.

Анын айтымында, жаңы автобустар Бишкек мэриясы тарабынан сатып алынды.

“Автобустар кондиционер жана майыптыгы бар жарандар үчүн көтөрүүчү механизмдер менен жабдылган”, - деп кошумчалады ал.

Вице-мэр белгилегендей, жаңы автобустар экспресс каттамдарга чыгат. Мисалы, “Манас” аэропортуна чейин каттайт.

“Бүгүнкү күндө борбордо 1 миң 376 автобус бар. Күн сайын линияга 1 миң 70 автобус жана 108 троллейбус чыгууда. Дагы кошумча автобустар алынып келип, региондорго берилген троллейбус каттамдарынын ордуна чыгат, - деп белгиледи Ырсалиев.

Пикир

Оставить комментарий