• 85.5
  • 92.78
  • 0.88

Кыргызстанга кайтып келген эмгек мигранттарынын саны өсүүдө

Коом 0

Бишкек, 18.10.24. /Кабар/. Кыргызстанга кайтып келген эмгек мигранттардын саны 80 пайызга көбөйдү. Бул тууралуу “Биринчи радионун” түз эфиринде Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин миграция саясаты бөлүмүнүн башкы адиси Элиза Тургуналиева билдирди.

Анын айтымында, Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги менен Кыргызстандагы эл аралык миграция уюму өлкөдөгү миграциялык тенденцияларды баалоо, мигранттардын кайтып келүүсүн изилдөө өлкөнүн жети облусунун 45 районунда, Бишкек жана Ош шаарларында жүргүзүлүп, 2020-жылдан 2024-жылдын апрелине чейин изилдөөдө өлкөдө миграциялык өсүү байкалган.

“Изилдөө жүргүзүлгөн жылдардын акыркы көрсөткүчү боюнча өлкөгө кайткан мигранттардын саны 85 пайызга көбөйгөн. Кайтып келген мигранттардын саны боюнча Ош, Чүй жана Баткен облустары алдыда турат. Ар кайсы аймактан, шаарлардан канча адам чет жака чыгып, кайра канча киши келип жатканын, алар кандай кесепеттер менен келип жана кетип жатканынын негизин байкайлы деп изилдөө жүргүзүп жатабыз. Изилдөө башталгандан бүгүнкү күнгө чейин 128 миң 661 мигрант Кыргызстанга кайтып келгени аныкталды. Көбүнчөсү Россиядан, андан кийинкиси Түркиядан, Өзбекстандан, Казакстандан, Кореядан кайтып келишүүдө. Мигранттардын кайтып келүүсүнүн себептери 80 пайыз үй-бүлөөлүк маселелерге, документтердин мөөнөтүнүн аякташы менен байланыштуу болууда”, - Элиза Тургуналиева.

Ал эми Кыргызстандагы эл аралык миграция уюмунун калктын мобилдүүлүгүн көзөмөлдөө матрицасы боюнча адис Асылкүл Канатбекованын айтымында, калкты көзөмөлдөө матрицасы эки этап менен жүргүзүлөт.

“Биринчиси мобилдүүлүк боюнча баштапкы баалоодо ар бир айыл өкмөттөн аймактагы айылдардын миграциялык активдүүлүгү тууралуу маалымат алабыз. Экинчи этап кайтып келген мигранттарды сурамжылап, толук маалымат алуу. Ошондой эле баштапкы баалоо бир нече этап менен жүргүзүлөт. Бул Кыргызстанда иштеп жаткан чет өлкөлүк мигранттар боюнча, экинчи топ чет жерден кайтып келген биздин мигранттар боюнча, үчүнчүсү биздин жарандардын чет өлкөгө чыгышы. Ошондой эле изилдөөгө ички миграцияны да кошулган”, - деди Асылкүл Канатбекова.

Изилдөөнүн жыйынтыгынан белгилүү болгондой, кайтып келген иштөөгө жөндөмдүү жарандарыбыздын 63 пайызын эркектер, 37 пайызын аялдар түзөт. Үй-бүлөөлүк абалына токтолсок, 73 пайызы үй-бүлөөлүү. Билими боюнча 40 пайыздайынын билим деңгээли бар, 20 пайызы жогорку билимдүүлөр болсо, калган 20 пайызы орто билимдүү.

Өлкөдөгү ички миграция тууралуу айтсак, жарандар айылдардан райондук борборлорго, райондордон облустук шаарларга көчүп жашашат. Негизинен көбү түштүк тараптан Бишкекке келгендер, анткени, инфраструктура өнүккөн жерде ишке орношуу, жашоо-шарты боюнча мүмкүнчүлүктөр көп.

“2024-жылы 50 миң адам ички миграцияга катышкан. Жарандардын ички миграцияга катышуусунун себеби 50 пайыз экономикалык жагдайлардан жана билим алуу менен байланыштуу. Алдыда бул изилдөө 2026-жылга чейин жүргүзүлөт”, - дейт Асылкүл Канатбекова.

Чет өлкөлөрдөн кайтып келгендердин басымдуу бөлүгү Бишкек, Ош, Жалал-Абад сыяктуу чоң шаарларда жашап, иштөөгө аракет кылышат. Дээрлик ички мигранттардын көбүн Бишкек шаары, Чүй облусу жана Ош шаары кабыл алат.

Пикир

Оставить комментарий