• 87
  • 90.41
  • 0.84

Кыргызстанга Казакстандан мыйзамсыз мал алып келүүгө бөгөт коюлду

Укук тартиби 0

Бишкек, 22.08.24. /Кабар/. Кыргызстанга Казакстандан мыйзамсыз мал алып келүүгө бөгөт коюулду. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти.

КР УКМК тарабынан Кыргызстандын Казакстан менен мамлекеттик чек ара тилкесинде контрабандалык ишмердикти аныктоого жана бөгөт коюуга багытталган ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө Талас облусунун аймагында Казакстандан Кыргызстанга ири мүйүздүү малды алып өтүү аракети токтотулду.

Тактап айтканда, 15-августта Талас облусунун Манас районуна караштуу Кайыңды айылынын чек ара тилкесиндеги “Ак-Таш” тоолуу аймагында Кыргызстандын УКМК кызматкерлери Чек ара кызматынын кызматкерлери менен биргеликте Казакстандан Кыргызстандын аймагына мыйзамсыз мал алып өтүү учурунда Талас районунун Сары-Булак айылынын жашоочулары Ш.К.Д. жана С.у.Б.ны кармады.

Учурда бул факты боюнча КР УКМК тарабынан тергөөгө чейинки текшерүү иштери башталды.

Пикир

Оставить комментарий