• 84.2
  • 93.8
  • 0.91

Кыргызстанга коңшу өлкөдөн 2 тоннадан ашык этти мыйзамсыз алып кирүүгө аракет кылышкан

Укук тартиби 0

Бишкек, 25.09.24. /Кабар/. Казакстандан Кыргызстанга 2 тоннадан ашык этти мыйзамсыз алып кирүүгө аракет кылышкан. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, Казакстандан Кыргызстандын аймагына алынып келе жаткан 2060 кг өлчөмүндөгү уйдун эти "Ак-Жол" чек ара ветеринардык көзөмөлдөө пунктунун инспекторлору тарабынан ветеринардык көзөмөл жүргүзүүдө ЕАЭБдин ветеринардык-санитардык талаптарын бузгандыгы аныкталган.

Натыйжада чек ара ветеринардык көзөмөлдөө пунктунун инспекторлору тарабынан тиешелүү артка кайтаруу актысы түзүлүп, жүк Казакстанга "Ак-Жол" көзөмөл өткөрүү жайы аркылуу артка кайтарылды.

Пикир

Оставить комментарий