• 84.36
  • 92.94
  • 0.92

Кыргызстанга малдын мыйзамсыз киргизилиши боюнча жооптуу кызмат адамдарына айып салынды

Аймак 0

Бишкек, 23.08.24. /Кабар/. Баткенде Кыргызстанга малдын мыйзамсыз киргизилиши боюнча жооптуу кызмат адамдарына жана Өзбекстандын жарандарына айып салынды. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, Кадамжай райондук ветеринардык башкармалыгы тарабынан Өзбекстандын эки жараны райондун аймагына мал жандыктарын мыйзамсыз алып киргендиги аныкталган.

Жыйынтыгында буга тиешеси бар бир канча жарандарга жана мамлекеттик, муниципалдык кызматкерлерге ветеринардык эрежелерди бузгандыгына үчүн КР Укук бузуулар кодексине ылайык, айып пул салынды:

- Өзбекстандын эки жаранына 7 500 сомдон 15 000 сом;
- Орозбеков айыл өкмөтүнүн муниципалдык кызматынын башчысына 23 000 сом;
- жайыт комитетинин башчысына 23 000 сом;
- Орозбеков айылдык кеңешинин депутатына 7 500 сом.

Пикир

Оставить комментарий