• 85.5
  • 93.62
  • 0.88

Кыргызстанга мамлекет сатып алган учактардын алгачкысы келип конду

Коом 0


Бишкек, 05.09.24. /Кабар/. Кыргызстан биринчи жолу мамлекеттин эсебинен сатып алган Bombardier Dash 8 Q400 учагы "Манас" эл аралык аэропортуна келин конду.

Аэропорттон учакты суу аркасы менен тосуп алышты.

Белгилей кетсек, учак "Манас" Эл аралык аэропорту" ААК башкармалыгынын астындагы “Асман аба жолдору” авиакомпаниясы үчүн сатылып алынды. Эми учак өлкө ичиндеги каттамдарга коюлат.

Буга чейин мамлекет эгемендик алган жылдар аралыгында биринчи жолу жарандарды тейлеген учактарды сатып алганын, жакын арада экинчи, 2025-жылдын жаз айында үчүнчү учак келип кызмат көрсөтө баштай турганы маалым болгон.

Пикир

Оставить комментарий