Бишкек, 15.01.25. /Кабар/. Кыргызстанга мыйзамсыз алып келинген унааларга карата рейд жүрүүдө. Бул тууралуу ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын басма сөз катчысы Байказы Айтикул уулу “Кабар” агенттигине берген маегинде билдирди.
Анын айтымында, 2024-жылдын ноябрынан декабрга чейин жүргүзүлгөн рейд учурунда Кыргызстанга 588 автоунаа мыйзамсыз жолдор менен киргизилгени аныкталды.
"Анын ичинен 510 унаа Армениядан, 71и Абзахиядан, 2 автоунаа Беларус өлкөсүнөн, ал эми 5 унаа Россиядан кирген. Бул машинелердин баары айып короого киргизилип, документтери экспертизага жиберилген",-деп белгиледи ал.
Ал ошондой эле бул унааларды үч этап менен мыйзамдаштыруу аракети көрүлүп, Бажы кызматы менен бирге 2025-жылдын июнь айына чейин рейд жүргүзүлөрүн кошумчалады.
“Мыйзамсыз кирген автоунаалар өлкө боюнча жалпысынан 15 миңден ашуун. Бүгүнкү күндө алар республиканын аймагында кыймылда жүрөт. Бирок текшерүүлөр да уланып жатат. Рейд учурунда чет өлкөлүк номурлуу автоунаалар токтотулуп, бирдиктүү базадан текшерилип, мыйзам бузуу катталса айып короо жайына киргизилет. Айдоочулар Бажы кызматына кайрылып, документтерин текшериши керек”, - деди ал.
Белгилей кетсек, быйыл 10-январда президент Кыргызстанга мыйзамсыз ташылып келген транспортту мыйзамдаштыруу боюнча жарлык чыгарган.
Пикир
Оставить комментарий