Бишкек, 13.09.24. /Кабар/. Казакстандан Кыргызстанга 302 миң 400 жумуртка мыйзамсыз ташып келингени аныкталды. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, мыйзамсыз аракет "Ак-Тилек" чек ара ветеринардык көзөмөлдөө пунктунун инспекторлору тарабынан текшерүү учурунда жумуртканын маркировкасы жок экендиги жана ЕАЭБдин ветеринардык-санитардык талаптары сакталбагандыгы аныкталган.
Бул боюнча инспекторлор тарабынан тиешелүү артка кайтаруу актысы түзүлүп, жүк Казакстанга "Ак-Тилек" көзөмөл өткөрүү жайы аркылуу артка кайтарылды.
Пикир
Оставить комментарий