• 84.56
  • 94.24
  • 0.93

Кыргызстанга Россиядан 700 тонна буудай мыйзамсыз ташылып келген

Коом 0

Бишкек, 21.08.24. /Кабар/. Кыргызстанга Россиядан 700 тонна буудай мыйзамсыз ташылып келген. Бул тууралуу Cуу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти.

Ведомствонун маалыматына караганда, Өсүмдүктөрдү химиялаштыруу, коргоо жана карантин департаменти “Беловодск” темир жол станциясына "Орион Экстра" ЖЧК тарабынан 10 вагон буудай Россиядан Кыргызстанга ташып кирүүдө бирдиктүү карантиндик фитосанитардык талаптардын бузулушун аныктаган.

Фитосанитардык текшерүү учурунда жүктү коштоочу документтерде фитосанитардык сертификаттын оригиналы жана лабораториядан буудайга берилүүчү сыноо протоколу жок болуп чыккан.

Натыйжада департамент тарабынан аныкталган фитосанитардык бузуулар боюнча өсүмдүктөрдүн карантини чөйрөсүндөгү мыйзамдарга ылайык тиешелүү чаралар көрүлүүдө.

Пикир

Оставить комментарий