• 84.24
  • 93.53
  • 0.91

Кыргызстанга швейцариялык компаниялардын өкүлдөрү келет

Коом 0

Бишкек, 01.10.24. /Кабар/. Кыргызстандын Швейцариядагы элчиси Омар Султанов Кыргызстан менен Швейцариянын ортосундагы жашыл технологиялар, инфраструктуралык долбоорлор жана кесиптик билим берүү жаатындагы кызматташтыкты өнүктүрүүгө багытталган эки маанилүү жолугушуу өткөрдү. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинен билдиришти.

Маалыматта белгиленгендей, алгач Омар Султанов Bartholet Maschinenbau AG компаниясынын башкы директору Маркус Мензи жана кош башкы директору Матияс Майер менен жолугушту. Анда Бишкек шаарында асма жол куруу долбоорун ишке ашыруу боюнча кийинки кадамдар, ошондой эле швейцариялык компаниянын Кыргызстанда лыжа базаларын куруу долбоорлоруна катышуу мүмкүнчүлүктөрү талкууланды.

Элчи парник газдарынын бөлүнүп чыгышын азайтууга жана экологиялык абалды жакшыртууга көмөкчү боло турган альтернативдүү технологияларды тартуунун маанилүүлүгүн баса белгиледи. Ал Bartholet Maschinenbau AG компаниясынын Кыргызстан рыногуна келиши өлкөнүн көмүр кычкыл газын нейтралдаштыруу максатына жетишине маанилүү салым кошоруна ишенимин билдирди.

Швейцария тарап Индияда жана Латын Америкасында ишке ашкан ийгиликтүү долбоорлорун көрсөтүп, Кыргызстанда ишке ашырылуучу жеке чечимдерди сунушташты.

Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар Кыргызстанга Bartholet Maschinenbau AG делегациясынын визитин уюштуруп, андан аркы талкууларды өткөрүү жөнүндө макулдашты.

Экинчи жолугушууда Султанов Цюрих кантонунун кеңсесинин башчысы Катрин Ариоли менен Кыргызстандын жана Цюрихтин ишканаларынын ортосундагы кызматташтыкты өнүктүрүү мүмкүнчүлүктөрүн талкуулады.

Министрликтен кошумчалашкандай, анда илимий изилдөө жана окуу жайлар ортосундагы өз ара аракеттенүүгө, ошондой эле кыргыз адистерин кесиптик-техникалык жактан даярдоо маселелерине өзгөчө көңүл бурулду. Тараптар соода-өнөр жай палаталарынын, бизнес жана инфраструктура тармагындагы ассоциациялардын, ошондой эле илимий-изилдөө институттарынын жана жогорку окуу жайларынын катышуусунда кызматташууну бекемдөө боюнча кийинки кадамдар жөнүндө макулдашты.

Пикир

Оставить комментарий