Кыргызстанга Швейцариянын Тышкы иштер федералдык департаментинин башчысы келди

Саясат 0

Бишкек, 02.07.24. /Кабар/. Бүгүн, 2-июлда "Ысык-Көл" эл аралык аэропортуна Швейцария Конфедерациясынын Тышкы иштер федералдык департаментинин башчысы Иньяцио Кассис расмий сапары менен учуп келди.

Анын сапарынын алкагында 2024-жылдын 3-июлунда тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев менен сүйлөшүүлөрү пландалып, кыргыз-швейцария кызматташтыгын андан ары өнүктүрүү маселелери талкууланат.

Ошондой эле Федералдык департаменттин башчысы Иньяцио Кассис президент Садыр Жапаровдун кабыл алуусунда болуусу күтүлүүдө.

Пикир

Оставить комментарий