• 84.28
  • 94.07
  • 0.91

Кыргызстанга Венгриянын тышкы иштер министри келди

Саясат 0

Бишкек, 19.09.24. /Кабар/. Бүгүн Кыргызстанга расмий сапар менен Венгриянын тышкы экономикалык байланыштар жана тышкы иштер министри Петер Сиярто келди.

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигинен билдиришкендей, сапардын алкагында эки өлкөнүн тышкы саясат ведомстволорунун башчыларынын деңгээлинде Кыргыз-венгер стратегиялык кеңешинин төртүнчү жыйыны өтөт.

Ошондой эле Петер Сияртонун тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев менен сүйлөшүүлөрү пландалган.

Пикир

Оставить комментарий