• 87
  • 90.41
  • 0.84

Өзбекстан жөнөткөн гумжардам Кыргызстанга келди

Коом 0

Бишкек, 03.02.24./Кабар/. Кыргызстанга Өзбекстан жөнөткөн гуманитардык жардам келди.

Ыкчам штабдан билдиришкендей, коңшу өлкөдөн 9 ИСУЗУ жүк ташуучу унаасы менен 1 миң газ баллон «Бек-Абад» бекети аркылуу Жалал-Абад шаарына кирди.

Учурда жүк «Кыргызстан улуттук электр тармагы» ААКтын филиалы - Жалал-Абад электр тармактар ишканасынын кампасына жыйналып, ал жерден Бишкекке жөнөтүлөт.

Жүктү «Кыргызстан улуттук электр тармагы» ААКтын филиалы Жалал-Абад электр тармактар ишканасынын директорунун капиталдык курулуш иштери боюнча орун басары Дамир Токтогулов кабыл алды.

Пикир

Оставить комментарий