• 84.36
  • 93.89
  • 0.92

Кыргызстанга ЖККУга мүчө мамлекеттердин парламенттеринин өкүлдөрү келди

Саясат 0

Бишкек, 10.09.24. /Кабар/. Кыргызстанга ЖККУга мүчө мамлекеттердин парламенттеринин өкүлдөрү келди. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы билдирет.

ЖККУга мүчө мамлекеттердин - Беларусь, Казакстан, Россия, Тажикстан парламенттеринин өкүлдөрү ЖККУнун Парламенттик Ассамблеясынын (ПА) кеңешине караштуу ЖККУга мүчө мамлекеттердин парламенттеринин коргоо жана коопсуздук боюнча комитеттеринин (комиссияларынын) төрагаларынын Координациялык кеңешмесине катышат.

Бүгүн, 10-сентябрда Жаматтык коопсуздук жөнүндө келишим уюмуна (ЖККУ) мүчө-мамлекеттердин парламенттеринин өкүлдөрү Жеңиш аянтындагы Түбөлүк отко гүл коюшту.

Белгилей кетсек, бүгүн Жогорку Кеңеште ЖККУ ПА кеңешине караштуу ЖККУга мүчө мамлекеттердин парламенттеринин коргоо жана коопсуздук боюнча комитеттеринин (комиссияларынын) төрагаларынын Координациялык кеңешмесинин жыйыны болот.

11-сентябрда Координациялык кеңешменин мүчөлөрү Балыкчы шаарында өтүүчү ЖККУнун "Өз ара аракеттенүү - 2024" биргелешкен командалык штабдык машыгуусуна байкоочу катары катышат.

Пикир

Оставить комментарий