Бишкек, 20.12.23. /Кабар/. Бишкек мэриясынын көрктөндүрүүнү контролдоо боюнча муниципалдык инспекциясы имаратка жакын жайгашкан аймактарды кардан жана муздан тазалоо, тазалыкты жана тартипти сактоо боюнча текшерүүлөрдү жүргүзүүдө.
Муниципалитеттен билдиришкендей, текшерүүнүн жүрүшүндө «Кыргызтелеком» ААК ишканасына көрктөндүрүү эрежелерин бузгандыгы үчүн, тактап айтканда, жанаша жайгашкан аймакты кардан жана муздан тазалабаганы үчүн протокол түзүлдү.
Мындан тышкары, Поваринская жана Гагарин көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан «Райкан КР» ЖЧКсына, Ибраимов көчөсү №57/24 дарегиндеги «Фармамир» ЖЧКсына, Горький көчөсү 29/1 дарегиндеги «Berlin» пабына, Көлбаев көчөсү №21а дарегиндеги «Азия Ретейл» ишканасына айып салынды.
Сүйөркулов көчөсү, 20 дарегиндеги дүкөндүн айланасындагы антисанитардык абал үчүн шаар тургуну А.Серков, Айни көчөсүндөгү №63үйдө жашаган Бектурсун Э. айыппул төлөшөт.
Бардык тартип бузгандар КР Кылмыш-жаза кодексинин 114-беренесине ылайык 3 миң сомдон 13 миң сомго чейин жоопкерчиликке тартылат.
Бишкек шаарынын мэриясы көрктөндүрүү эрежелерин сактоого чакырат, антпесе муниципалдык инспекция мыйзамга ылайык чараларды көрөт.
Пикир
Оставить комментарий