• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

"Кыргызтесттин" мамлекеттик тил боюнча тестинен 50 миңден ашык киши өткөн

Коом 0

Бишкек, 23.09.20. /Кабар/. "Кыргызтесттин" мамлекеттик тил боюнча тестинен 50 миңден ашык киши өткөн. Бул тууралуу "Кабар" агенттигиндеги маалымат жыйында "Кыргызтест" мамлекеттик мекемесинин директору Батма Топоева-Ставинская билдирди.

"Биздин мекеме мамлекеттик тилди билүү деңгээлин баалоочу "Кыргызстест" системасы боюнча иштеп келет. 2014-жылы кадам шилтеп, анда тесттен өтүүгө 14 адам келсе, андан кийин өсүп отуруп бүгүнкү күнү расмий каттоодон өткөн 50 миңден ашык киши мамлекеттик тилди билүү деңгээлин баалай алышты", - деди ал.

Пикир

Оставить комментарий