• 86.8
  • 91.06
  • 0.82

Кышка даярдык. Отун, көмүр алып, дөңгөлөк алмаштырдыңызбы?

Аналитика 0

Кылычын кармап ызгардуу кыш жакындап келе жатат. «Жаздын камын кышта, кыштын камын жазда көр» демекчи, күндүн көзү көрүнүп, күздүн берекеси төгүлүп турган ушундай жылуучулук маалда отун-суу камдап, үйдү жылуулап, унаалардын дөңгөлөктөрүн кышкыга алмаштырып, көмүр түшүрүп деги эле кышка даярдык көрүүгө эң ыңгайлуу мезгил. Дегеним, суукка алдын ала даярданып албасак, кар жаады дегиче шаар ичинде жана ашууларда жайкы дөңгөлөк менен жүргөн унаалардын айынан жол тыгыны жаралып, айдоочуларга жана жолчуларга бир топ эле түйшүк жаратат. Ал эми, азыр заман талабына ылайык, ар кандай курулуш материалдары менен курулган үйлөр жылууланбаса, жаккан оттун пайдасы жок болуп, үй жылыбайт. Албетте, мындайда көмүр көп жагылгандыктан, капчыкка эле зыян.

Кыш мезгили башталып, алгачкы кар жаады дегиче, көмүр саткан кампалар менен дөңгөлөк алмаштырган жайларда узун кезек жаралып, убакыттан уттурасыз. Ошондой эле, кызмат көрсөтүүнүн жана товарлардын баалары да кымбатташы турган кеп. Андыктан суукка калбай, кышка карата даярдыкты бүгүн баштаңыз.

Чын-чынына келгенде кара алтын аталган көмүр маселеси Кыргызстандын жашоочуларынын көпчүлүгүн ойлондурган маселе. Себеби шаар жергесинде конуштарды газдаштыруу массалык түрдө жүрүп, көпчүлүк райондор газ менен жылытууга өткөнү менен арасында өтө электери да көп. Ал эми региондордогу айыл аймактардын тургундары дээрлик бардыгы отун, көмүр менен имарат, үйлөрдү жылытып келишет. Мындан улам, күн бир аз сууктаганда эле ортомчу алып-сатар соодагерлер сууктун келишин күткөндөй эле көмүрдүн баасын дароо көтөргөнгө шашышат. Айрым учурларда көмүр кендерден аймактарга ташып жеткирүүдө, жолдун тайгактыгы, техникалардын иштеп жетишпей калуусу жана башка ушундай техникалык себептерден улам, узун кезекке тизилип тургандарга көмүр жетпей калган учурлар да катталып келген. Мындан улам мамлекет бул жылы да калкты камсыз кылуу үчүн республиканын бардык аймактары боюнча 477 көмүр сатуу кампаларын уюштуруп, бир бааны коюп берди. Учурда өлкөдө көмүрдүн запасы жетиштүү. Өзүңүз жашаган аймактан туруктуу баада таба аласыз.

“Кабар” агенттиги Кыргызстандагы көмүр отун саткан базалардын даректери жана бааларына кызыгып көрдү.

Төмөндө өлкө аймагындагы көмүр кампаларынын саны жана баалары көрсөтүлгөн:

Белгилей кетсек, бүгүнкү күнгө карата көмүрдүн эң арзан наркы Жумгал районуна караштуу бардык айылдарында 1 тоннасы 3015 сомго чейин бекитилген.

Ал эми, “Балыкчы” көмүр базасында көмүрдүн бир тоннасына 4 322 сомдон сатылууда.

Алыскы региондордо көмүрдүн баалары эмнеге кымбат? Себеби

Өлкөнүн облустарында жана аймактарында көмүрдүн баасынын айырмаланышынын себеби, логистикага кеткен каражат болуп саналат. Себеби, көмүр ташууда күйүүчү майга кеткен транспорттук чыгым болуп саналат. Баалардын баасы аралыктардын алыстыгына жараша болот.

Ошондой эле калкты арзан жана сапаттуу көмүр менен камсыз кылуу максатында “Кыргызкөмүр” мамлекеттик ишканасы Чүй облусунда 6, ал эми Бишкек шаарында 10 көмүр кампаларын ачып, анда Монополияга каршы жөнгө салуу кызматы аныктап берген баа көмүрдүн тоннасына орточо 5000 сомдон аралыгына, алыстыгына жараша 5800 сом деп бекитилген.

Бишкекте көмүр саткан кампалардын даректери:

Ленин району:

1.Мурман көчөсү, 126 дарегиндеги көмүр базасы– Кара-Кече көмүрү;
2.Мурман көчөсү, 45/2 дарегиндеги «Кара-Тоо» ЖЧКсы (мурдагы «Торг-Синтез» ЖЧКсы) – Кара-Жыра көмүрү;
3.Мурман көчөсү, 122 жана 122а даректериндеги «Береке» ЖЧКсы – Кара-Кече көмүрү;
4.Мурманск көчөсү, 1Б дарегиндеги «Беш Сары» ЖЧКсы – Кара-Кече көмүрү;
5. Дэн Сяопин проспектиси, 306а дарегиндеги Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигинин көмүр базасы - Кара-Кече көмүрү;
6. «Болотбеков» ИМ Дэн Сяопин проспектиси, 308/4 дареги боюнча – Кара-Кече көмүрү;
7. Жеке ишкер «Абиев Нурлан», Алыкулов көч., 6б дареги – Кара-Кече көмүрү;
8. Барпы Алыкулов көчөсү, 1д/1 дарегинде - Шабыркүл көмүрү.

Октябрь району:

1. Рухий-Мурас конушу, 2- көчө, 2 - Кара-Кече көмүрү;
2. Кара-Жыгач конушу Сары-Өзөн көчөсү, 3 дарегинде – Кара-Кече көмүрү;
3. Көк-Жар айылы Достоевский/Анкара көчөлөрүнүн кесилиши – Кара-Кече көмүрү;
4. 7-апрель/Кыдыкеев көчөлөрүнүн кесилиши Кара-Кече көмүрү;
5. Көк-Жар айылы Карагул көчөсү, 2б / 1- Кара-Кече көмүрү;
6. Көк-Жар айылы Карагул-Акмат көчөсү Абу Бакр Сыддык мечитинен ылдый – Кара-Кече көмүрү;
7. Көк-Жар айылы Карагул-Акмат көчөсү, 70Е/2, "Беш-Манты" кафесинин жанында – Кара-Кече көмүрү.

Биринчи май району:

1. "Байнур" жана "Шинкар" кафелеринин маңдайындагы жолдун жээгиндеги Кара-Кечекөмүрү;
2. Жаш Гвардия бульвары, 178 дарегинде - Кара-Кече көмүрү;
3. Щербаков көчөсү, 121 дарегинде - Кара-Кече көмүрү;
4. Юбилейная көчөсү, 150 дарегинде - Кара-Кече көмүрү;
5. Озерный конушунда Фрунзе жана школьный көчөлөрүнүн кесилишинде Кара-Кече көмүрү;
6. «Алтын-Бешик» конушунда Мидин жана Мыскал көчөлөрүнүн кесилишинде Кара-Кече көмүрү;
7. Алтын-Бешик конушунда Мидин жана Республикалык көчөлөрүнүн кесилишинде - Кара-Кече көмүрү;
8. Дэн Сяопин проспектиси, 531 дареги боюнча - Кара-Кечекөмүрү;
9. Тынчтык конушу, 12-көчө, 19 – Кара-Кече көмүрү.

Свердлов району:

1. Достоевский көчөсү №1 – Шабыркүл көмүрү;

Жеке ишкерлер тарабынан ачылган сатуу пункттары:

1. Дордой-2 конушу - Кара-Кече көмүрү;
2. Ак-Бата конушу - Кара-Кече көмүрү;
3. Ак-Жар конушу - Кара-Кече көмүрү;
4. Келечек конушу - Кара-Кече көмүрү;
5. Кыргыз көчөсү - Кара-Кече көмүрү;
6. Айланма жол жана Курманжан датка көчөлөрүнүн кесилишинде - Кара-Кече көмүрү.

Диана Айдарова, Кыргыз улуттук "Кабар" маалымат агенттиги

Пикир

Оставить комментарий