• 84.2
  • 93.61
  • 0.94

Кышка даярдык! Чүй облусунун аймагында жаңы аба чубалгылары тартылууда

Коом 0

Бишкек, 05.09.23. /Кабар/. Аламүдүн жана Сокулук райондорунда күз-кыш мезгилине даярдык көрүүнүн алкагында жаңы СИП-2 изоляцияланган аба чубалгылары тартылууда. Бул тууралуу Энергетика министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, 2023-жылы Чүй электр тармактар ишканасында реконструкциялоо алкагында 92 чакырым СИП-2 изоляцияланган аба чубалгыларын куруу пландаштырылган болсо, бүгүнкү күндө 85 чакырымы толук тартылып бүттү. Оңдоо-түзөө иштери аяктаганча калган 7 чакырым аба чубалгылары тартылып бүтөт.

Андан тышкары, электр тармактарын куруу жана реконструкциялоо иштеринин алкагында 10 даана 110/35 кВ трансформатордук көмөкчордон, 500/220/35 кВ "Фрунзе" көмөкчордонунда реактор алмашылды.

Эскерте кетсек, изоляцияланган аба чубалгылары салмагы боюнча жеңил, кышында кар жабышууга туруктуу, суукта тоңбойт жана катуу шамалда электр мамыларына көп күч келбейт. СИП-2 изоляцияланган аба чубалгыларынын дагы бир артыкчылыгы оңдоо иштери оңой жана тейлөө иштеринде коопсуз.

Пикир

Оставить комментарий