• 87
  • 90.64
  • 0.85

Кышкы эс алуу. “Кыргыз деңизи” санаторийинин шарттары жана баалары

Коом 0

Жайдагыдай эле кышында да Ысык-Көлдүн жээгинде таза абадан дем алып, ден соолукту чыңдоого болот. Жыл бою эс алуучуларды кабыл алган санаторийлердин катарында “Кыргыз деңизи” санаторийи да бар. Бул ирет “Кабар”агенттиги “Кыргыз деңизиндеги” түзүлгөн шарттар жана баалар менен тааныштырат.

Ысык-Көл районунун Бостери айылындагы “Кыргыз деңизи” санаторийи Бишкектен 265 чакырым, Чолпон-Ата шаарынан 10 чакырымдай алыстыкта жайгашкан. Санаторийде бир кишиден баштап бир үй-бүлөнүн эс алуусу үчүн ылайыктуу коттедждер, жарым люкс, люкс, стандарттык номерлер бар. Дарыгердин көрсөтмөсүнө ылайык, бир катар дарылоо кызматтары көрсөтүлөт. Ошондой эле конференц-залдар, балдар бөлмөсү, китепкана, бассейндер уюштурулган.

№1 корпустагы номерлердин баалары (үч маал тамагы, комплектүү дарылоосу менен):
- "Стандарт" (2,3 орундуу номер) – 2100 сом (1 кишиге);
- “Комфорт” (1 орундуу номер) – 2800 сом;
- “Комфорт” (2 кишилик номер) – 2900 сом (1 кишиге);

- "Люкс" 1 кишилик – 3800 сом;

- "Люкс" 2 орундуу – 7400 сом;

- “Жарым люкс” (4 орундуу) – 13 300 сом;

- “Жарым люкс” (2 орундуу) – 6 700 сом;
- Апартаменттер (2 орундуу) — 10 600 сом.

“Алтын” корпусундагы номерлердин баалары (үч маал тамагы менен):
- 1 орундуу номер (1 кишиге) – 2800 сом;
- 2,3 орундуу номер (1 кишиге) – 2800 сом;
- "Люкс" 2 орундуу (күнүнө)– 8400 сом.

“Космонавттар” коттеджинин баалары (үч маал тамагы менен):
- Эки кабаттуу апартаменттер (4 орундуу) – 16 700 сом;
- Эки кабаттуу люкс номер (4 орундуу) – 15 400 сом;
- 1 кабаттуу люкс номер (4 орундуу) – 13 900 сом.

Эс алуучуларды терапевт, невропатолог, стоматолог, гинеколог, педиатр, кардиолог дарыгерлери кабыл алат (кошумча төлөм). Ошондой эле процедуралык, физиотерапиялык кабинеттер (баткак менен дарылоо, минералдык ванналар ж.б.) иштейт. Мындан тышкары, чоңдорго жана балдарга ылайыкталган бассейндер бар.

Материалды даярдаган Мээрим Дүйшөналиева, Кыргыз улуттук “Кабар” маалымат агенттиги

Пикир

Оставить комментарий